Балаңызды АКШда бекер окуткуңуз келеби?

“Flex” программасы аркылуу мектептин жогорку классынын окуучулары АКШда бир жыл окуп келе алышат. Аталган программага  Армения, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Литва, Молдова, Польша, Сербия, Тажикистан, Түркмөнстан, Украина, Черногория жана Эстония өлкөлөрүнүн окуучулары катыша алышат.

Балаңызды АКШда бекер окуткуңуз келеби?Мүмкүнчүлүктөрү:

  • АКШнын мектептеринин биринде бекер окуу;
  • Кабыл алуучу үй-бүлөдө бекер жашоо;
  • Бардык чыгымдар программа тарабынан жабылат.

Талаптары:

  • Кыргыз Республикасынын жарандары;
  • 9,10 же 11- класстын окуучулары катыша алышат;
  • Тапшырып жаткан кезде окуудагы жетишкендиги жакшы же эң жакшы болушу керек;
  • Англис тилин мыкты деңгээлде билүү керек;
  • Ден соолугу программанын талаптарына жооп берерин далилдөөчү медициналык документ болушу керек;
  • АКШнын аймагына кирүү үчүн визанын талаптарына жооп берүү керек.

Конкурс 3 этап менен өтөт:

1-этап:  10 суроодон турган англис тили боюнча тест 15 мүнөт жүргүзүлөт. Суроолордун алтоо лексика боюнча болот.

2-этап: Биринчи этапка салыштырмалуу оор жана узун. 2 сааттын ичинде окуп тушунүү, угуп түшүнүү жана жазуу боюнча тесттер жүргүзүлөт. Анын ичинде англис тилинде 3 дил баян жазылат.

3-этап: Катышуучулар менен маектешүү. Маектешүүдө катышуучулага психологиялык суроолор берилет, 2 эссе жазылат жана анкета толтурулат. Кошумча маалымат americancouncils.kg сайтында.

“Flex” программасы боюнча АКШда бир жыл билим алып келген Акбермет Азизова:

Балаңызды АКШда бекер окуткуңуз келеби?

-Мен Ысык-Көл облусундагы  Тамчы гимназия- мектебин бүтүргөм. Ошол мектепте окуп жүргөндө “Flex” программасынын тести башталганда мугалимдер бизди жөнөтүп турчу. 2012-жыыл 9-классымда тапшырап өтпөй алдым, кайра 2013-жылы 10-классымда кайра тапшырап көрүп өтүп кеттим.

АКШнын Огайо штатындагы Хабард шарынын “Хабард” орто мектебинде 1 жыл окуп келгем. Ал жактан келгенден кийин классташтарым менен чогуу мамлекеттик экзамендерди, ЖРТны тапшырдым. Америкада 1 жыл окуганы атам десем апам макул болду, бирок атам башында каршы болду. Болгону 15 жашта болсом, жаш деп жөнөткөндөн коркту окшойт. Мындай мүмкунчулук баарына эле бериле бербейт деп уруксатын беришти.

Тандоо турлары аябай оор болот. Анткени атаандаштык аябай күчтүү. Мен тапшырган жылы 3000 окуучудан 65и финалга өткөн.

Эң негизги критерий англис тили эмес, талапкердин лидерлик сапаттары, башка коомдо жашап кете ала тургандыгы, билимге болгон ынтызасы да каралат.

Мен үчүн эң биринчи кыйынчылык англис тилин практикада колдонуу болду. Анкени, ага чейин практика кылууга мүмкүнчүлүгүм болгон эмес. Анан биз үйрөңгөн англис тили менен алар сүйлөгөн англис тили экөө эки башкадай сезилген. Алар аябай бат, анан мен үчүн түшүнүксүз сүйлөшчү. Бир-эки ай түшүнбөй кыйналдым. Көнүп калгандан кийин кыйын деле болбой калды.

Барган окуучуларды кабыл алган үй-бүлөлөр болот. Мен жашаган үй-бүлөдө беш адам жашадык. Үйдүн кожоюну, кожойкеси, аларды мен америкалык апам менен атам деп коем. Мен жана грант менен келген филлипиндик кыз бар эле. Ошол кыз экөөбүз бир үй- бүлөдө чогуу жашап, чогуу окудук.

Ошондой эле, АКШдагы мектептердин окуу системасы таптакыр башка. Сабактарды өзүн тандайсың. Мисалы, так илимдерден кайсынысын окугуң келсе, ошону тандап окусаң болот. Андан сырткары тилдерди дагы тандай аласың.

Бул программа аркылуу АКШга барып келгенден кийин жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Эки башка жашоону салыштырып көрүп, өзүм үчүн чечимдерди кабыл алдым.

Тил үйрөнүп, чет өлкөлүк досторду таптым. Мындан сырткары америкалык үй-бүлөм менен дагы деле байланышып турам. Эң негизгиси ар бир ишти тоскоолдуктарга карабай жасай аларыма ишенип калдым.

Учурда “Мевляна” алмашуу программасы боюнча Туркиянын Измит шаарындагы Кожаэли университетинин англис тили жана адабияты факультетинин 3-курсунда окуп жатам.

Бул жакта бир семестр окугандан кийин кайра, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окуй баштайм. Негизги пландарымдын бири бакалаврды аяктагандан кийин магистратурага тапшыруу.

Даярдаган: Кылычбек кызы Ырысбү

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты