Ош Чыңгыз Айтматовдун тагдырында

Ош Чыңгыз Айтматовдун тагдырында

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-ноябрда, Ош шаарында өтүп жаткан «Ош — Чыңгыз Айтматовдун тагдырында» аттуу салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөдү.

«Күнөстүү Ош менен Айтматовдун тагдыры да, үй-бүлөсүнүн тарыхы да бекем байланышкан. Мына ушул байыркы шаарда, Сулайман тоонун этегинде, Ак-Бууранын боюнда Чыңгыз Айтматовдун алтын балалыгы өткөн. Ал ордолуу Оштун бала бакчасында тарбияланган.

Атасы Төрөкул Айтматовдун мамлекеттик ишмердиги касиеттүү Оштон башталып, партиянын Араван-Буура райкомунун биринчи катчысы болгон.

Байыркы Ош — Айтматовдун балалык кыялдарын ойготуп, анын дүйнө таанымына таасир эткен. Балким, кичинекей Чыңгыз — жазуучулуктун башатын ушул керемет шаардан алгандыр.

Айтматовдун өмүр таржымалын изилдеген окмуштуулар Ош шаарынан көптөгөн кызыктуу фактыларды табаарына шек жок» деп айтты .

Андан ары мамлекет башчы Айтматов ааламынын жан дүйнөгө кошуп жаткан салымына, дүйнөлүк маанисине токтолду.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты