Араванда «Кадастр» мекемесинин эки кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

  • 1 год мурун

Ош облусунун Араван районундагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын эки кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын кызматкерлери А.Р. жана М.Т. «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуп, жеке материалдык байытуу менен жерге мунапыс берүү жөнүндө документтерди тариздөө үчүн 450 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (Алдамчылык, кызмат абалынан пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында 10-январь күнү УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Р. жана М.Т. талап кылынган акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты