Ошто келин үч баласы менен иске ууланып каза болду
- 2 года мурун
Ош шаарындагы Жапалак айыл аймагында 32 жаштагы келин үч баласы менен иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 10-январдын кечинде Жапалак айыл аймагындагы Качыбек айылына жакын жайгашкан Чек тилкесинде болгон. Кырсык тууралуу маалымат милицияга 11-январь түштөн кийин түшүп, анда 1990-жылы төрөлгөн Мунира Бактыбек кызы жана анын 2013, 2014, 2019-жылы төрөлгөн бир кыз, эки уулу иске ууланып каза болгону тууралуу айтылган.
Окуя болгон маалда келиндин күйөөсү жумушка кеткен.
Буга чейин 4-январда Бишкекте жана Сузакта бирден киши иске ууланып каза тапкан. 30-декабрда Кадамжайда бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү истен кайтыш болгон.
Муну бөлүшүү