Түмөнбай Колдошов маданият жана искусство университетинин ректору болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошов Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү министрлиги 2022-жылдын 13-декабрында аталган окуу жайдын жетекчилигине сынак жарыялаган. Сынакка жалпы 6 талапкер катышып, жыйынтыгында эң жогорку баллды Түмөнбай Колдошов алган.

Буга чейин Түмөнбай Колдошов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп иштеп келген.

Ал эми, маданият жана искусство университетинин мурдагы ректору Мамашарип Чотонов 8-декабрда оорудан улам каза болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты