Кыргызстанда ким бир күн Президент, Премьер-министр жана Спикер болгон?

Жакында ырчы Самара Каримованын Оштогу  Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайга бир күн директор болуп тургандыгы коомчулукту таң калтырды.

Ошондон улам ар кандай кырдаалдарда ар кыл себепке байланыштуу кызматка бир нече күн же  бир нече ай кармалып турган мисалдарды келтире кетели.

  1. Кызматка бир нече күн турган ырчы Самара Каримова

Кыргызстанда ким бир күн Президент, Премьер-министр жана Спикер болгон?

КР эмгек сиңирген артисти Самара Каримова кийинки кезде кызматка бир нече күндөн эле кармалчу болду.

1-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Самара Каримованы Ниязалы  Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын директору катары жамаатка тааныштырса, ошол  эле күнү, 1-ноябрда,  министрдин буйругу менен Самара Каримованы музыкалык окуу жайга директор дайындоо боюнча министрдин буйругу четке кагылды. Иш жүзүндө Каримова кызматта бир күн иштеп турганы менен, буйрук 24-октябрда чыгарылган, демек ырчынын кызматта туруу мөөнөтүнө дагы 5 күн кошулган.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 2017-жылдын жай айында ошол эле Каримованы Оштогу Сулайман тоо музей-комплексине директор дайындаган. Андан бир күн өтпөй, министрдин ал буйругу жокко чыгарылган.

2. Бир күн Президент, Премьер-министр жана спикер болгон Ишенбай КадырбековКыргызстанда ким бир күн Президент, Премьер-министр жана Спикер болгон?

КР ЖК экс-депутаты, КР эмгек сиңирген архитектору Ишенбай Кадырбеков 2005-жылдын 24-25-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Премьер-министринин милдетин аткаруучу болуп турган. Ошол эле мезгилде Кадырбеков Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери да эле. Демек, Ишенбай Кадырбеков Кыргызстанды бир күн болсо да, чайпалтпай-козголтпой эки тизгин, бир чылбырды кармап турганы менен аты тарыхта калды.

Ал эми 2005-жылдын 25-мартында Кадырбеков бир күн КР Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу болду.

2005-жылдын 4-апрелинде бир күн вице-премьердин милдетин аткарды.

3. Бир нече күн Ички иштер министри болгон Кеңешбек Дүйшөбаев 

Кыргызстанда ким бир күн Президент, Премьер-министр жана Спикер болгон?

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Милициянын генерал-майору Кеңешбек Дүйшөбаев-2005-жылдын 24-мартынан кийин бир нече күн Ички иштер министринин жана вице-премьердин милдетин аткаруучу кызматында турганы аңыз болуп келе жатат.

4. Бир айга жетпеген вице-премьер Толкунбек Абдыкулов

Кыргызстанда ким бир күн Президент, Премьер-министр жана Спикер болгон?

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк төрагасы Толкунбек Абдыкулов КР вице-премьери болуп 2017-жылдын 23-ноябрында дайындалса, 2018-жылдын 21-декабрында кызматтан бошотулду. Демек, Т. Абдыкулов бул кызматта бир айга жетпеген убакыт иштеген.

5. Соңку кызматта  3-5 ай кармалган Фарид Ниязов

Кыргызстанда ким бир күн Президент, Премьер-министр жана Спикер болгон?

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Фарид Ниязов 2017-2018-жылдары президенттин кеңешчиси жана аппарат жетекчиси кызматтарында бир канча жолу кызматтан бошотулуп жана кайрадан дайындалып турган.

2017-жылдын 1-мартында ал кездеги Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен КР Президентинин кеңешчиси болуп дайындалган.

Үч айдан кийин, 2017-жылдын 3-июнунда ал кызматтан бошотулган

Кайра 2017-жылдын 3-июнунда КР Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган

2017-жылдын 23-ноябрында, беш айдан кийин, КР Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси кызматынан бошотулган.

2017-жылдын 1-декабрында президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалган.

Үч айдан кийин, 2018-жылдын 7-мартында аппарат жетекчисинин кызматынан бошотулган.

6. Соңку кызматта 7 ай турган Икрамжан Илмиянов

Кыргызстанда ким бир күн Президент, Премьер-министр жана Спикер болгон?

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Икрамжан Илмиянов 2017-жылдын 20-апрелинде КР Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган.

Жети айдан кийин, 2017-жылдын 23-ноябрында Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчилик кызматынан бошотулган.

7. Мухаммедкалый Абылгазиевдин илбирс секириги  

Кыргызстанда ким бир күн Президент, Премьер-министр жана Спикер болгон?

Кызматта кыска мөөнөт туруу жагынан Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буга чейинки кызмат секириги күбө. Премьердин мисалы—илбирс секирик, ийгиликтүү секирик.

Айта кетсек,  Мухаммедкалый Абылгазиев биринчи вице- премьерлик кызматта 2016-жылдын 13-апрелинен 2017-жылдын 22-августуна чейин иштеген.

2017-жылдын 22-авгусунан 25-августуна чейин 3 күн премьер-министрдин милдетин аткаруучу болгон;

2017-жылдын 25-августунан 12-сентябрына чейин, бир айга жетпеген убакыт, КР Президентинин кеңешчиси болгон.

2017-жылдын 12-сентябрынан 2018-жылдын 16-мартына чейин, алты ай,  Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары,

2018-жылдын 16-мартынан 20-апрелине чейин бир айдан бир аз ашып, Президенттин аппарат жетекчиси;

2018-жылдын 20-апрелинен баштап КР Премьер министри болуп, илбирс секирик менен келе жатат.

  Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты