Блогер Улукбек Карыбек уулу суракка чакырылды
- 2 года мурун
Блогер Улукбек Карыбек уулу Ысык-Ата райондук милициясына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасында билдирди.
Блогер баракчасында жарыялаган чакырууда ал 11-январь саат 16:00дө тергөө аракеттери үчүн райондук милицияга келиши керек экени жазылган.
Карыбек уулу кайсы иш боюнча суракка чакырылганын маалымдаган эмес.
Муну бөлүшүү