Депутат АКШ менен эмгек мигранттарын жиберүү боюнча келишим түзүүнү сунуштады

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин 11-январдагы жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев АКШ менен эмгек мигранттарын жиберүү боюнча расмий келишим түзүүнү сунуштады.

Ал АКШда жүк ташуучу автоунааны айдагандар айына 10 миң доллардан жогору каражат табарын айтып, Орусия же башка өлкөлөргө караганда көбүрөөк киреше табарын белгиледи.

“АКШ менен трак айдаган айдоочуларды алган эки-үч компания менен келишим түзүшүбүз зарыл. Анда болбосо элчилигинен суранышыбыз керек. Бизге трак айдаган айдоочуларды даярдап, англис тилин, мыйзамдарын үйрөткөнгө мүмкүнчүлүк бере турган болсо, анда мигранттардын жашоосун оңдомокпуз. Анткени трак айдагандар учурда бир айылды багып жатышат”, — деди Абдалиев.

Жыйынга келген эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргызстан учурда бир катар өнүккөн өлкөлөр менен бул багытта иш алып барып жатканын белгиледи.

“Алсак, Түштүк Корея менен келишим түзгөнбүз. Мурун бир жылда 500 адам иш менен камсыздалса, азыр алардын саны 2 миңден ашты. Өткөн жылы биринчи жолу Англияга жибергенбиз. Алар айыл чарба тармагындагы жумушта иштеп жатат. Бирок биз акырындап татыктуу жумуштар менен жарандарыбызды камсыздоого аракет кылуудабыз. Ошондой эле Германияга иштөөгө 300 медайымды даярдап жатабыз”, — деди министр.

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин соңку маалыматында 1 млн. 200 миңге жакын Кыргызстандын жараны чет өлкөлөрдө эмгектенет.

Алардын — 1 млн. 63 миңи Орусияда. Кыргызстандыктар иштеп жүргөн экинчи өлкө — Казакстан. Ал жакта 30 миңдей мигрант бар. Түркияда — 20, АКШ жана Араб өлкөлөрүндө 10 миңдей.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты