Депутат айылдагы 3 кабат имаратын мектеп катары белекке берди

Депутат айылдагы 3 кабат имаратын мектеп катары белекке бердиЖогорку Кеңеш депутаты Камчыбек Жолдошбаев Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы менчик имаратын элге мектеп катары тартуулады. Райондук бийликтен билдиришкенге караганда, 3 кабат бул имарат СССР убагында автобазага карап турган жана кийин менчиктештирилип кеткен. Андан соң Камчыбек Жолдошбаевге тиешелүү “Ак боз ат” жоопкерчилиги чектелген коомунун балансына өткөн.

Райондук бийлик депутат Камчыбек Жолдошбаевге ошол имаратты мектеп үчүн берүүнү сурап кайрылганда ал муниципалдык менчикке биротоло бергенге макул болгон.

6-ноябрда имаратты мамлекетке расмий түрдө тапшыруу аземи өтөт. Мектеп бир сыйра оңдолгон соң  келерки окуу жылында пайдаланууга берилет.

Белек катары берилчү 3 кабат имаратта кошумча актылык жана спорттук залдарды курууга ыңгайлуу уланмалары да бар. Ал 1 гектарга жакын аянты менен мамлекетке кайтарымсыз негизде берилет.

Кайыңды-Булак айылындагы эски мектепте азыр 200дөй бала окуйт. Жергиликтүү эл бир канча жылдан бери бийликтен жаңы мектеп курууну суранып келген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты