Бишкек жасай албаган “Коопсуз шаарды” Балыкчы кыймылдатты

Бишкек жасай албаган “Коопсуз шаарды” Балыкчы кыймылдаттыЫсык-Көлдүн Балыкчы шаарында “Коопсуз шаар” долбоорунун алгачкы баскычы аяктап, тесттик режимде ишке кирди. Анын алкагында 84 камера орнотулуп, анын 64ү шаар көчөлөрүнүн кесилиштерине коюлду. Дагы 20 камера стратегиялык объектилерге орнотулуп, 2 камера эреже бузууларды көзөмөлдөйт.

Камералар менен иштөөгө ИИМден төрт кызматкер суралды. Ички иштер министрлиги бул маселени чечип, кызматкерлерди окуудан өткөрүп берсе  калаада “Коопсуз шаар” долбоору толук ишке кирет.

Долбоор толук иштей баштаса жол эрежелерин бузууга салынган айыппулдун 50 пайызы Балыкчы шаарына, 40 пайызы республикалык бюджетке, калган 10 пайызы Ички иштер министрлигине түшүп турат.

Шаар бийлигинен билдиришкенге караганда, долбоорду ишке ашыруу эки жылды алып, аны Ысык-Көл өнүктүрүү фонду каржылаган. Анын жалпы суммасы 18 жарым миллион сомду түзгөн.

Ордо калаа Бишкекте болсо “Коопсуз шаар” долбоору улам үзгүлтүккө учурап, акыркы алты жылдан бери козголбой турат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты