Араванда цемент заводу ачылды

Араванда цемент заводу ачылдыПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ош облусундагы иш сапарынын учурунда Араван районундагы цемент заводунун ачылышына да катышты. Өлкө башчысы заводдун курулушу региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты демилгелеринин бири экенин белгилеп, долбоорду ишке ашырууга тийиштүүлөрдү — демилгечилерди, компанияларды, чет өлкөлүк өнөктөштөрдү элдин турмушун жакшыртууга, Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө салым кошкону үчүн бул маанилүү күн менен куттуктады.

«Заводдун курулушуна жалпысынан 86 млн. АКШ доллары жумшалды. Бул курулушту сөздүн түз маанисинде интернационалдык курулуш десек жарашат. Завод достуктун, өнөктөштүктүн, бири-бирибизге болгон ишенимдин заводу деп айтсам жаңылышпайм! Анткени заводдун курулушуна жана ишке берилишине беш өлкөнүн — Кытай Эл Республикасынын, Россиянын, Түркиянын, Голландиянын жана Кыргызстандын банктары жана ишкерлери катышты», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Долбоорду ишке ашырууга Россия-Кыргызстан Өнүктүрүү Фонду, Синома корпорациясынын Тяньжинь цемент иниституту, Нанжин Лонг-В энержи консервейшн инжиринг компаниясы, Демир Кыргыз Интернешнл банкы, Демир Халк Банк Голландия компаниялары жана банктары колдоо көрсөтүштү. Курулушка «Араван цемент заводу» жоопкерчилиги чектелген коому 48 млн. долларга жакын каражатын салган.

Араван цемент заводу жылына 1 миллион тонна цемент өндүрөт. Мамлекеттик казынага жана жергиликтүү бюджетке 400 миллион сомдон ашык салык жана социалдык төлөмдөр түшөт. Завод толук  иштей баштаса, Кыргызстандын түштүгүн цемент менен камсыздоо маселеси чечилет. Завод заманбап технологиялар менен жабдылып, толук автоматташтырылып, бүткүл технологиялык процесстер борбордук түйүндөн башкарылат. Иштин башталышы менен бул жерде 450дөн ашуун жумушчу орун түзүлөт.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты