Министрлик кармалган дарыгерлердин кесиптештери жумуштан кетүүнү каалап жатканын билдирди
- 2 года мурун
Саламаттык сактоо министрлиги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлеринин кармалышы боюнча комментарий берип, кармалгандардын кесиптештеринин көбү жумуштан кетүүнү каалап жатканын билдирди.
Министрлик каза болгон баланын жакындарына көңүл айтып, мындан ары мындай жагдайларды болтурбоо үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилгенин белгилеген.
Мындан тышкары мекеме кармалган дарыгерлердин кесиптештеринин көбү аталган окуядан кийин жумуштан кетүүнү каалап жатканын айтып, дарыгерлерди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
«Биз бардык медицина кызматкерлерин дүрбөлөңгө түшпөөгө жана мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырабыз. Дарыгердин кесиби эң гумандуу жана ошол эле учурда жоопкерчиликтүү иш болуп келген жана боло берет, дарыгерлер ар дайым колунан келгендин баарын жасап, улуттун саламаттыгын сактоо үчүн аракет кылышат», — деп айтылат маалыматта.
Бишкектин Ленин райондук милициясы дарыгерлердин кармалышы боюнча 2-декабрда маалымат таратты.
Ага ылайык, 14-декабрда таңкы саат 9:13тө шаардык милицияга Бишкектин борбордук өлүкканасынан маалымат түшүп, чарчап калган ымыркайдын сөөгү келген. Бул факты милицияда катталып, тергөө иштери башталган.
Милиция билдиргендей, ашказаны ооруган ымыркайды 13-декабрда эртең менен саат жетилер чамасында Бишкектеги ооруканалардын бирине алып барышкан. Ошол эле күнү саат 12:30да бейтапты башка оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которушат. Ал жерде бала өзүнө келбей, чарчап калган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (“Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу”) менен кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар жүргүзүлгөн.
Анын жыйынтыгында шектүү катары 1962-жылы туулган М.Ж., 1955-жылы туулган И.Р., 1994-жылы туулган К.Б., 1990-жылы туулган Э.А., 1981-жылы туулган М.К. жана 1995-жылы туулган А.Г. кармалып, Ленин райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.
30-декабрда Бишкектин Ленин райондук соту “кесиптик милдетин талаптагыдай эмес аткаруу” беренесине шек саналып кармалган беш дарыгерди 10-январга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. 68 жаштагы И.Р. аттуу дарыгердин да бөгөт чарасы каралып, ага үй камагы тандалган. Райондук милиция тергөө иштери уланып жатканын маалымдады.