Бир жылда 997 миң сом тапкан. Садыр Жапаровдун 2021-жылдагы декларациясы жарыяланды

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жыл үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларацияларын жарыялады.

Тизмеде биринчи болуп президент Садыр Жапаров турат.

Салык кызматы жарыялаган маалыматка ылайык, мамлекет башчысы 2021-жылы 997 миң 803 сом киреше тапкан. Анын жакындарынын кирешеси көрсөтүлгөн эмес.

Документтеги маалыматка караганда, Садыр Жапаровдун өзүнө таандык айыл чарба багытындагы 0,6 гектар жери бар, ал эми жакын туугандары аянты 17,2 кв.м келген гаражга ээлик кылат.

Жапаровдордун мындан башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү көрсөтүлгөн эмес.

Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетип, 28-январда расмий түрдө кызматка киришкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты