Депутаттар Нарматова, Талиева жана Султанбекова мамлекеттик сыйлыкка ээ болду

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин үч депутаты бүгүн, 29-декабрда президент Садыр Жапаровдун колунан мамлекеттик сыйлыктарды алды. Бул туурасында парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди.

Анын айтымында, президенттин жарлыгына ылайык, депутат Чолпон Султанбекова «Даңк» ордени менен сыйланды. Надира Нарматова менен Камила Талиева «Мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген кызматкер» наамын алды.

29-декабрда мамлекет башчысы Садыр Жапаров Бишкекте ар кыл тармактын кызматкерлерине өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарган.

Депутаттар Нарматова, Талиева жана Султанбекова мамлекеттик сыйлыкка ээ болду
Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова

Депутаттар Нарматова, Талиева жана Султанбекова мамлекеттик сыйлыкка ээ болду
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева
Депутаттар Нарматова, Талиева жана Султанбекова мамлекеттик сыйлыкка ээ болду
Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты