Кара-Сууда жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берип жиберген кызматкерлерге карата кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүндө айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйсамсыз жеке менчикке берип жиберген кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ош облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2018-жылы Нариман айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары ВЛКСМ участогунда жайгашкан айыл чарба багытындагы 0,42 га жер тилкесин У.А. аттуу жаранга токтомду жасалмалоо аркылуу жеке менчикке берип жиберишкени аныкталган.

Мындай мыйзамсыз аракеттер кийин дагы улантылып, 2022-жылдын сентябрында жер тилке 7 бирдикке бөлүнүп, жогоруда аталган жарандын атына бул жер участокторуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар даярдалып берилген.

Анын натыйжасында мамлекетке 15 млн 458 миң сом материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты