Баткендеги чек ара чырында курман болгон Дастан Анарбековдун сөөгү «Ата-Бейитке» коюлду

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта курман болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлигинин лейтенанты Дастан Анарбековдун сөөгү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине коюлду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу аземине президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

“Тилекке каршы, жакында эле коңшу өлкө Кыргызстандын жерине басып кирди. Бирок Дастандай болгон Мекени үчүн тоо болуп туруп берген жоо жүрөк кыргыз жигиттеринин татыктуу каршылыгы алардын мизин кайтарды. Туулган жердин ар бир карышын коргогон баатыр уулдарды жарык дүйнөгө алып келген энелерге, аларды өстүргөн аталарга башымды ийип таазим кылам. Дастан Анарбеков сыяктуу жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбайт, алардын жаркын элеси бүткүл кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат!”, — деди президент акыркы сапарга узатуу зыйнатында.

Дастан Анарбековдун сөөгү УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Жаныбай уулу Тилектин жайынын жанына коюлду.

“Достук” чек ара тозотунун башчысынын орун басары, 21 жаштагы Дастан Анарбеков Талас облусунда туулган. Ал 2022-жылдын 16-сентябрында Достук айылын коргоодо мектептин аймагында каза болгон. Чек арачынын сөөгү көпкө чейин белгисиз бойдон калып, бир катар экспертизалардан кийин гана анын өздүгү такталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты