Жогорку Кеңештин фракция лидерлери бүгүн Акылбек Жапаров менен жолугат

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин фракция жетекчилери бүгүн, 29-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Төрага фракция жана депутаттык топтордун лидерлерин саат 13:00дө анын иш бөлмөсүнө келүүсүн өтүндү.

Шакиев белгилегендей, Акылбек Жапапров Министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен бүгүн депутаттардын суроолоруна жооп берет.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышында «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак», «Ишеним», «Бүтүн Кыргызстан», «Альянс», «Ыйман Нуру» фракциялары жана «Элдик» жана «Мекенчил» депутаттык топтору бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты