Эртең “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын үчүнчү оюну өтөт

  • 2 года мурун

Эртең, 30-декабрда Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын үчүнчү оюнун өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Оюн саат 15:00дө башталып, УТРК жана «Ала-Тоо 24» телеканалдарында жана Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Бүгүнкү күндө лотереяга 176 миңден ашуун адам жалпы суммасы 19 млрд сомго 18,7 млн лотереялык ID-билеттер менен катышууда.

Үчүнчү турда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен Бишкектен 1 бөлмөлүү батир, 2 электромобиль, 12 iPhone 13, 11 Samsung смартфону жана 26 даана ар кандай тиричилик техникалары ойнотулат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты