Президент аткаминерлерди ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө элге үлгү болууга чакырды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 28-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүп жатат. Жыйында мамлекет башчысы Садыр Жапаров ашыкча чыгым кылган аткаминерлер бар экенин сындап, аларды ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө элге үлгү болууга чакырды.

«Айрым атка минерлер өздөрү элге үлгү болгондун ордуна ашыкча чыгым кылган фактылар бар. Ысырапкорчулук боюнча элден талап кылардан мурда ушул жерде отурган, биздин администрацияда, министрликте, облус, район, айыл өкмөттө иштеген чиновниктер өздөрү үлгү болуш керек. Бизде той десе эле 500-1000 кишини чакырып алып, дүңгүрөтө той беребиз. Анан бири-бирибизди көрүп, карапайым калк дагы чөнтөгүндө акчасы жок болсо дагы намыс үчүн деп той берип, силерди ээрчип кетип жатат. Ошондуктан өзүбүз аларга үлгү болушубуз керек. Ысырапкорчулукка каршы иштеңиздер, көзөмөлгө алыңыздар. Сөз жүзүндө айтып коюп, иш жүзүндө кылбаган эң жоопкерчиликсиз маселе», — деди Жапаров.

Ушул жылдын 24-февралында президент “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда чектөөлөр ашыкча чыгымга жол бербөө максатында ишке кире турганын түшүндүргөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты