Сузакта камыштын арасынан киши колдуу болгон келиндин сөөгү табылды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда камыштын арасынан киши колдуу болгон келиндин сөөгү табылды. Облустук милициянын басма сөз кызматы кылмышка шектүү катары 23 жаштагы адам кармалганын билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө 32 жаштагы жаран кайрылып, аялы 23-декабрда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.

Аталган факты боюнча жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, 25-декабрда саат 12:00дөр чамасында Сузак районунун Атабеков айыл аймагындагы камыштын арасындагы суудан келиндин сөөгү табылган.

Соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө келин муунтулуп каза болгону аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (“Адам өлтүрүү”) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары ошол эле айылдын 23 жаштагы тургуну С.Н. кармалган.

Учурда шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты