Шадиевдин мандаты алынды

Шадиевдин мандаты алынды

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Экс премьер министр, “Бир бол” фракциясынын экс депутаты Аскарбек Шадиевдин соту 5-ноябрда Биринчи май райондук сотунда өтмөк болду. Шадиевге Айтматов сыйлыгын ыйгаруу боюнча 30 миң доллардын дайынсыз болушу, чек арадан мыйзамсыз өтүү, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча айып тагылган.

Сот Аскарбек Шадиевдин иши боюнча айыпталуучунун өзүн катыштырбастан өтмөкчү. Себеби Шадиев айыптан качып АКШда жашап жатат.

Аскарбек Шадиев чек арадан качуунун айла-амалын жакшы өздөштүргөңү белгилүү. Кичи мекени Баткенге айылчылап барып  Тажикстанга, андан АКШга качып кеткени маалым.

 

Дээрлик эки айдан бери Шадиев ЖК депутаттарынын катарында болчу, бүгүн БШК анын депутаттыгын токтотуу тууралуу чечим кабыл алды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты