Бишкектин четиндеги жол кырсыгы бир өмүрдү алды

Бишкектин четиндеги жол кырсыгы бир өмүрдү алдыКырсык ордо калаанын ылдый тарабындагы айланма жолдо бүгүн эртең мененки тогуздарда болгон. Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкенге караганда, жолдун ГЭС-5ке жакын жеринде Volkswagen Jetta жана Golf III унаалары сүзүшүп кеткен. Кырсыктын айынан 60 жаштагы аял каза таап, дагы 3 киши ооруканага жеткирилген.

Божомолдорго караганда, унаалардын бири каршы тилкеге чыгып кетип, кырсыкка учураган. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.

Расмий маалыматтарга таянсак, быйылкы 9 айда эле өлкө боюнча 5118 жол кырсыгы катталып, 458 адам жарык дүйнө менен кош айтышкан, алардын 62си жаш балдар. Мындан тышкары 6 миңден ашуун адам ар кандай жаракат алган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты