Сот «Коопсуз шаар» боюнча комиссия чечимин жокко чыгарды

Сот "Коопсуз шаар" боюнча комиссия чечимин жокко чыгардыБишкек шаарынын райондор аралык соту көз карандысыз комиссиянын “Коопсуз шаар” долбоору боюнча чечимин жокко чыгарды.

Сентябрь айынын аяк ченинде даттанууларды карачу көз карандысыз комиссия Маалыматтык технология жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин ведомстволор аралык комиссиясынын “Вега” радио курулушунун “Концерн” компаниясын он-лайн аукциондо  жеңди деген чечимин жокко чыгарган.

Дагы бир катышуучу-“Безопасность информационных систем” ЖЧКсы конкурстун чечимин жокко чыгарган көз карандысыз комиссиянын үстүнөн арызданган.

Натыйжада Маалыматтык технология жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети райондор аралык сотуна административдик доо менен кайрылган.

«Коопсуз шаар” долбоорун Өкмөт мындан төрт жыл мурун эле демилгелеген. Биринчи тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылган. Экинчи тендерде россиялык “Стилсофт Бишкек” компаниясы жеңген, бирок ИИМ буга макул болбой, сотко доо арыз жазган. Андан кийнн “Коопсуз шаар” долбоору боюнча Кытайдын Huawei, компаниясы иш алып барат деп жарыя болгон. Бирок кытайлык компания коюлган талапты аткарбай, аны менен келишим үзүлгөн.

Бул тууралуу  Маалыматтык технология жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы бүгүн билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты