Бишкектеги мектептерде онлайн окутуу 28-декабрга чейин узартылды

  • 2 года мурун

Бишкек шаарындагы мектептерде онлайн окутуу 28-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 22-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилигинде өткөн жыйында борбор калаада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Ал эми аймактардагы мектептердин онлайн түрүндөгү окутуусун узартуу чечимин жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү тарабынан кабыл алынат. Бала бакчалар боюнча жергиликтүү санэпидкөзөмөл органдары берген санитардык көрсөтмөлөргө ылайык аныкталат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда бардык мектептер 16-декабрдан 24-декабрга чейин онлайн окутууга өткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты