Прокуратура: Маевка айыл өкмөтүнүн кызматкерлери бюджетке 7 млн сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды

  • 2 года мурун

Аламүдүн районунун Маевка айылында бюджетке 7 миллион сомдон ашык зыян келтирген айыл өкмөт кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук прокуратурасы жүргүзгөн бюджеттик мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүүнүн жыйынтыгында 2018-2021-жылдар аралыгында Маевка айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында бюджетке 7 млн 620 миң 968 сом зыян келтирилгени аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) жана 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты