Кыргызстанда жыл бою иштей турган жаңы тоо-туристтик борборун ачуу пландалууда

  • 2 года мурун

Кыргызстанда жыл бою иштей турчу жаңы тоо-туристтик борборун ачуу пландалууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 22-декабрдагы жыйынында белгилүү болду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш Ысык-Көл облусунда «Тамга» эл аралык спорт комплексин жана Чүй облусунда «Бирбулак» жаңы тоо-туристтик кластерин куруу долбоорлорун жактырды.

«Бирбулак» тоо-туристтик эс алуу жайынын долбооруна ылайык, Чүй облусунун Оруу-Сай капчыгайында тоо туризминин кластери курулат. Анда мейманканаларды жана шалелерди куруу, фуникулер жана көтөрүп чыгуучуларды орнотуу, эл аралык деңгээлдеги лыжа базасы үчүн бардык зарыл инфраструктура каралган. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылат.

Ошондой эле жыйында келерки жылы Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Жети-Өгүз районунда эл аралык олимпиадага даярдоо борборун куруу пландалып жатканы айтылды.

Мындан тышкары Туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду тарабынан Баткен районунун Раззаков шаарында санаторий, балдар лагери, коттедждердин курулушу каралган санаториялык-курорттук кластердин эскиздик долбоору сунушталды.

«Ден соолукту чыңдоо туризмин өнүктүрүүгө басым жасалууда. Бул максатта 25 санаториялык-курорттук объектилер белгиленди, алар мамлекет менен профсоюздардын биргелешкен күч-аракети аркылуу модернизацияланат. Мындан тышкары, өлкөнүн ар бир аймагында жети жаңы объектти куруу пландаштырылууда», — деп айтылат маалыматта.

Жыйындын соңунда мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты