Төраганын жаңы орун басары дайындалды

Төраганын жаңы орун басары дайындалды

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине төраганын жаңы орун басары болуп Азизбек Ороков дайындалды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 2-ноябрда кол койду.

А. Ороков буга чейин Айдаркен сымап комбинатыда тоо мастери, Макмал алтын кен комбинатында, «Кыргызалтындан» башкы инженер ж.б. кызматтарды аркалаган.

Мурда иштеген Азис Сапаралиев кызматтан бошотулду.

Бул тууралуу аталган мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты