Мариуполду оңдоп-түзөөгө кыргызстандыктар да тартылды
- 2 года мурун
Мигранттардын Телеграм-каналдарында жумушка чакырган жарыялар байма-бай чыгууда. Мариуполду «коопсуз» деп сыпаттап, 100 миң рублге чейин берүүнү убада кылган билдирүүлөр бар.
Адистер Орусия күч менен басып алган шаарга барып иштөө мыйзамсыз жана өтө кооптуу экенин эскертишет.
Орусия басып алган Украинанын Мариупол шаарын калыбына келтирүү иштерине кыргызстандыктар да тартыла баштаганы акыркы кезде көп чыгып жаткан жарыялардан улам байкалат.
Мигранттар көп кирген Телеграм-каналдарда 80-100 миң рублдик маяна убада кылган жарыялар байма-бай чыгып жатат. Анда жатакана, кийим-кече акысыз деп белгиленип, «ал жакта уруш болгон жок, окоптун жанына такта кагылат» деп жазгандарды да окуса болот.
«Азаттык» радиосу аталган каналдардагы номурларга чалып, Мариуполго жиберүү үчүн Бишкек шаарынан киши топтогондор бар экенин аныктады.
— Мен иш боюнча чалып аткам силерге. Мариуполдо иш бар дедиңер эле го, ошол боюнча. Ал жерде согуш болуп атат деп Ютубдан көрүп атабыз, эже.
— Ооба болуп атат.
— Ал жакта коопсузбу?
— Жанагы согуш болуп өткөн жерлерде кайра үй салып атышат.
— Бизди ким алып кетет?
— Казакстандан кетесиңер. Москвадагылар Москвадан кетет. Бишкектегилер Казакстандан кетет.
Кыргызстандыктарды Бишкектен чогултуп, Казакстан аркылуу жиберебиз дегендердин айрымдары «азыр ал жакка жөнөтпөй калганбыз» деп ишендирди. Алар буга милициянын текшерүүсү себеп болгонун айтышты.
«Азаттык» Ички иштер министрлигине байланышканда аталган орган текшерүү тууралуу айтылгандарды төгүндөдү.
Орусия басып алган Мариуполдо учурда иштеп жаткан ондогон кыргызстандыктар бар экенин бир нече булактар ырасташты. Алардын арасында атын атагысы келбеген кыргызстандык Мариуполдо иштөө шарттары тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
«Менин таанышым иштеп атат. Күнүнө 5 миң рублдан, айына 100 миң рубль төлөшөт экен. Ал жакта Орусия басып алган шаарларды тазалап, курулушта эмгектенишет экен».
Украинанын Мариупол шаары быйыл жаз айынан бери орус аскерлеринин көзөмөлүндө турат. Орус армиясынын соккусунан 25 миңдей киши окко учуп, уранды астында 7 миңге чукул жаран көз жумган. Ошондой эле миңдеген кишилер эвакуацияланган. Расмий Кремль шаарды кайра куруу иштери башталганын маалымдап, ага борборазиялык мигранттар активдүү тартыла баштаган.
Буга чейин укук коргоо органдары жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз жарандарын согуш жүрүп жаткан аймактарга барбоого чакырган. Эгер жарандар башка өлкөнүн аймагында согуштук аракеттерге катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскерткен.
Орусия каратып алган аймактагы курулуш иштерине тартылгандар боюнча расмий маалымат бериле элек.
Адистер Орусия күч менен басып алган шаарга жумушка кетүү мыйзамсыз жана өтө кооптуу экенин эскертип келет. Орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик Мариуполдо иштеп жаткан мигранттар аскердик кылмышка шерик болуп каларын эске салды:
“Себеби, ал аймакка барган учурда сиз окуппациялык бийликтин кылмышына шерик болуп, жардамдашып атасыз. Аскердик кылмыштарга шерик болосуз жана кылмыш жоопкерчилигине тартыласыз. Мындай кылбаш керек. Кимдир бирөөнүн үйүн куруп жатсаңыз деле… Бирок сизди курулуш үчүн алып барган жок. Чындыгында сизди окоп казуу жана аскердик иш-аракеттерге катыштыруу үчүн чакырып жатат. Турак жай курсаңыз деле баары бир мыйзамсыз иштерди жасап жатасыз. Ага кошумча Орусиянын Украина менен чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп жатасыз. Демек, сиз дагы бир кылмыш ишин жасап жаткан болосуз”.
Буга чейин “Азаттыктын” тажик кызматы Орусияда миграцияда жүргөн тажикстандыктар Мариуполго кетип жатканын кабарлаган. Алар маяналарын ала албай жатканын айтышкан. Өткөн аптада Казакстандын жарандары да Мариуполго жибериле баштаганы белгилүү болгон.
Мигранттар көп кирген Телеграм-каналдарда жарыялар дале тынымсыз чыгып жатат. Алардын бири Орусиянын аймагындагы жумуш агенттиги экенин жана Мариуполго чын эле жумушчулар жиберилип жатканын ырастады. Ал жакка бара тургандардын жарандыгы маанилүү эместигин айтып, аталган аймакты коопсуз деп ишендирүүгө аракет кыларын байкадык.
«Азаттык» Украинанын Орусия басып алган аймагында курулуш иштерине тартылган кыргызстандыктарга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине, Москвадагы кыргыз элчилигине кайрылды.
Элчилик Тышкы иштер министрлигине кайрылууну сунуштады, аталган мекеме болсо жиберилген катка азырынча жооп боло элек.