Жогорку Кеңеш экс-президенттердин жеңилдиктерин чектеген мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын экс-президент деген расмий макамга ээ мурдагы башчыларына мамлекеттин эсебинен берилүүчү айрым жеңилдиктерди жоё турган мыйзам долбоорун 21-декабрда биринчи окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун автору — депутат Жеңишбек Токторбаев.

Анын айтымында, демилгенин максаты — мамлекеттик каражатты жана мүлктү рационалдуу пайдалануу.

«Экс-президентке мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет деген норма алып салынат. Экс-президент жаңы шайланган президент кызматына киришкен учурдан тартып бир ай ичинде резиденция аймагында жайгашкан үйдү пайдаланууну токтотот. Резиденцияда убактылуу жашаган кызмат адамдары ошол үйлөрдүн коммуналдык акысын өз эсебинен төлөйт. Экс-президент мамлекеттик кайтарууну жеке каражатынын эсебинен пайдалансын. Мына ушундай өзгөртүүлөрдү сунуштайбыз. Ошону менен катар «медициналык тейлөөнү акысыз колдонот» дегенди алып салып, эл катары колдонуусу, байланыш каражаттары менен да эл катары өз эсебинен колдонуусу сунушталууда», — деди Токторбаев.

Азыркы мыйзам боюнча экс-президент мамлекеттик күзөт, үй, медициналык тейлөө менен өмүрүнүн аягына чейин толук камсыздалат, аэропорттогу жана башка бекеттердеги расмий залдардан, өкмөттүк байланыштан бекер пайдалана алат, президенттин айлык акысынын 75% өлчөмүндө пенсия алат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты