Ички иштер министринин үч орун басары милициянын генерал-майору наамын алды
- 3 года мурун

Кыргызстандын ички иштер министринин үч орун басары милициянын генерал-майору наамын алды. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, генерал наамын төмөндөгүлөр алган:
— ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов;
— ички иштер министринин орун басары — Эркебек Аширхожаев;
— ички иштер министринин орун басары — ИИМдин Маалымат технологиялар башкы башкармалыгынын жетекчиси Сүйүнбек Ниязбеков.
Муну бөлүшүү