Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын адвокаттары парламент депутаттарына кайрылуу жолдошту

  • 2 года мурун

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын адвокаттары ишти тергеп жаткан тергөөчүлөрдүн аракеттерине юридикалык баа берүү талабы менен Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин башчысы Чолпон Султанбековага кайрылышты. Бул тууралуу юрист Асыл Айтбаева Фейсбукагы баракчасында билдирди.

Кайрылуу ээлери тергөөчүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 348 (Шалаакылык) жана 350-беренелери (Адвокаттын кесиптик ишине тоскоолдук кылуу) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек деп эсептешерин билдиришкен.

«Эки айдын ичинде эч кандай тергөө аракеттери жүргөн жок, кармалгандар тергөө абаганда жөн эле жатты. Бул мыйзам бузууларды тергөөчүлөр өздөрү дагы сотто моюнга алып, иштин көлөмү менен түшүндүрүшкөн. 37 тергөөчү 26 айыпталуучунун иши боюнча эки ай бою эч нерсе кылбай шалаакылыкка жол беришкен», — деп жазылат кайрылууда.

Ошондой эле кайрылууда экспертиза дайындоо тартиби бузулганы дагы айтылат. Маалыматка ылайык, тергөөчүлөр экспертиза дайындалганы тууралуу протоколду айыпталуучуларга жана адвокаттарга тааныштырган эмес.

«Мында тергөөчү өз милдеттерин аткарбай, муну менен адвокаттын жана айыпталуучунун укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук кылган», — деп жазылат кайрылууда.

Жактоочулар комитет башчысынан тергөөчүлөр тарабынан жасалган мыйзам бузууларды парламентте талкууга алып чыгып, аткаруу бийлигинен мыйзамдардын сакталышын талап кылууну өтүнүшкөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты