Өзгөндө окуучулар арасындагы мушташ 16 жаштагы баланын өлүмү менен аяктады

  • 2 года мурун

Ош облусунун Өзгөн районунда кесиптик лицейдин окуучулары мушташа кетип, 16 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Милициянын алдын ала маалыматына караганда, 20-декабрь күнү кечки саат 20:30дар чамасында Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагында №62 кесиптик лицейдин окуучулары пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Күбөлөрдүн берген көрсөтмөсүнө ылайык, 3-курстун студенти, 17 жаштагы А.у.М. 16 жаштагы Э.К.ни муштум менен көкүрөк жагына уруп жиберген. Э.К. эс учун жоготуп, окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киригизилди. Териштирүү иштери уланып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты