Бишкектен Караколго Go Bus автобустары жүрө баштайт

  • 2 года мурун

26-декабрдан тартып Бишкек-Каракол-Бишкек маршруту боюнча атайын автобус жүрө баштайт. Бул тууралуу Туризмди колдоо фондунан билдиришти.

Фонд уюштурган Go Bus автобусу күн сайын Бишкектеги Жеңиш аянтынан Караколго саат 10:00дө чыгат. Автобус Ысык-Көлдүн түндүк жээги менен жүрөт.

Жол кире акысы — 450 сом. Билетти Go Bus уюлдук тиркемесинен алса болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты