Токмокто жубайын токмоктоп өлтүргөн киши эки жылга соттолду

Токмокто жубайын токмоктоп өлтүргөн киши эки жылга соттолдуТокмок шаарында аялын токмоктоп өлтүргөн кишиге өкүм чыкты. Сот шектүүнүн нес абалында болгонун эске алуу менен эки жылга шарттуу камакка алуу боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу  Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирген.

Аялынын ачуу сөздөрүнө жана кылык-жоруктарынан улам  нес абалын сот эске алуу менен чечим чыгарган.

Сот жыйналышында шектүү күнөөсүн толук мойнуна алган. Анын  айтымында окуя төмөндөгүчө болгон. (Аттары өзгөртүлдү).
Айдар  14-августта эртең менен саат 8 дер чамасында, үйдөн иштери менен чыгып кеткен. Кайтып келе жатып аялынын курбулары Мария менен Светлананы кезиктирип калат. Алар Айдардын жубайы Ноннага жолукканы баратканын айтышкан.

Алар келгенде Нонна курбулары менен ичимдик иче баштаган. Айдар эс алуу үчүн 2-кабатка чыгып кетет. Андан бир саат өткөндөн кийин Нонна келип Айдарга арак алып келип берүүсүн өтүнгөн. Айдар барып бир бөтөлкө арак алып келет. Бир аз убакыт өткөндөн кийин ызы-чуу башталганын угуп, биринчи кабатка түшүп, жубайы менен Мариянын мушташып жатканын көрөт. Аларды бөлүп, курбуларын узатып коет.

Үйгө киргенде жубайы Нонна аны кордогон сөздөрдү айта баштаган. Айдар ачууга алдырып, Ноннаны тепкичтен түрүп жиберет. Нонна ылдый кулап башы менен батареяны сүзгөн.

“Мен өзүмдү көзөмөлдөй  албай калдым. Колума бир нерсе алып, эмне экени эсимде жок Ноннаны башка ура баштадым. Өзүмө келгенде каарасам, короодо отурган экенмин. Кантип ал жакка чыкканым эсимде жок. Үйгө киргенде, жерде башынан катуу кан агып жаткан аялымды көрдүм. Колума чүпүрөктү алып сүртө баштадым.” –деп билдирген Айдар.

Анан ыйлап отурганда, кызы Алия кирип келип, “Тез жардам” чакырган. “Тез жардам” бригадасы жабырлануучуну ооруканага алып кетишкен. Бир күндөн кийин өзүнө келбей кайтыш болгон.

Айдар кыймыл-аракетин көзөмөлдөй албай калганын баса белгилеген, жыйынтыгында сот аны эки жылга шарттуу камакка алуу боюнча чечим чыгарды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты