Төрөхан Жунусбеков Кадыр Атамбаевдин жана журналисттердин үстүнөн сотко кайрылды

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору Төрөхан Жунусбеков Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадыр Атамбаевди жана «Бишкек 24» маалымат порталын сотко берди. Бул тууралуу Жунусбекова Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Жунусбековдун айтымында, анын бул кадамга баруусуна Кадырбек Атамбаевдин жана «Бишкек 24» сайтынын аны негизсиз каралап, ар-намысына шек келтиргени себеп болгон.

19-декабрда ал ар-намысын коргоо жана моралдык зыяндын ордун толтуруу өтүнүчү менен Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылган.

Төрөхан Жунусбеков Кадыр Атамбаевдин жана журналисттердин үстүнөн сотко кайрылды

Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадырбек Атамбаев шаардык Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин ичиндеги коррупциялык схемалар тууралуу айтып чыккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты