«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын байге фонду көбөйтүлдү

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы өткөрүп жаткан “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын байге фонду көбөйтүлдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, лотереянын акыркы оюнунда 52 белек ойнотулат. Буга чейин 32 белек коюлганы айтылган.

Финалдык оюн 30-декабрда болот жана анда эки электромобиль, 12 даана iPhone 13, 11 Samsung смартфону, 5 кир жуугуч машина, 5 муздаткыч, 5 телевизор, 5 чаң соргуч, 6 микротолкундуу меш ойнотулат.

Баш байге – Бишкектен батир.

Оюн КТРК, «Ала-Тоо 24» телеканалдарында жана Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Бүгүнкү күндө лотереяга 170 миңден ашык адам катышып, алар жалпы суммасы 18,3 млрд сомго 17,9 млн лотереялык ID-билеттерди топтошкон.

Лотереянын катышуучусу болуу үчүн «Салык Чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алуу, каттоо жол-жобосунан өтүү жана кассалык чектердин QR-кодун сканерлөө зарыл.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты