Акылбек Жапаров Токтогул ГЭСинин иши менен таанышты

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аймактарга болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Токтогул гидроэлектр станциясынын жалпы абалы жана иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров учурда Токтогул ГЭСин модернизациялоо жүрүп жатканын, анын алкагында ГЭСтин жаңы төртүнчү гидроагрегаты орнотулуп, ал бир нече убакыттан бери тесттик режимде иштеп жатканын билдирди.

Мындан тышкары Жапаров курулушу пландалып жаткан Каракөл ГЭСинин долбоору менен таанышып чыгып, мамлекет ГЭСтерди курууга инвестиция салган инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн белгиледи.

«Гидроэлектр станциянын кубаттуулугу 18 МВт түзөт. Бул объектинин курулушу жана ишке киргизилиши жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө салым кошуп, өлкө жарандарын жана ишканаларын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого өбөлгө түзөт. Өз кезегинде мамлекет ГЭСтерди курууга инвестиция салган инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтөт», — деди Жапаров.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Талас облусунун Манас районунда жайгашкан «Бала-Саруу» ГЭСиндеги курулуш иштеринин жүрүшү менен да таанышты.

Белгилей кетсек, «Бала-Саруу» ГЭСин куруу долбоорунда жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератордон турган, электр энергиясын орточо жылдык иштеп чыгуусу 92 млн кВт/саат саналган объектти куруу каралган. Мында Киров суу сактагычынын плотинасынын механикалык жабдуулары модернизацияланат жана сугат муктаждыктарын суу менен камсыз кылуунун бардык процесстери автоматташтырылат.

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы чечими менен «Чакан ГЭС» ачык акционердик коомуна аталган гидроэнергетикалык объектини куруу укугу берилип, 2,0 млрд сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүнгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты