Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Кыргызстанда мектептерди куруу пландалып жатканын билдирди

  • 2 года мурун

Орусия Кыргызстанда мектептерди курууну пландоодо. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолуккан учурда билдирди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, элчи менен төраганын жолугушуусу бүгүн, 20-декабрда Бишкекте өттү.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланганы айтылат.

Нурланбек Шакиев Орусия менен Кыргызстандын ортосунда парламенттер аралык алакалар жигердүү уланып жатканын белгилеп, кийинки жылы Орусияга расмий иш сапары менен баруу планы бар экенин маалымдаган.

Элчи Николай Удовиченко эки өлкө ортосундагы экономика, медицина, маданият, өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана коопсуздук жаатында кызматташтыкка өзгөчө маани берилип жатканын белгилеген.

Андан тышкары, ал билим берүү тармагы боюнча ири долбоорлор иштелип чыгып, Кыргызстанда мектептерди куруу пландалып жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты