Орозайым Нарматова жеке диагностикалык борборго жеткирилди

  • 2 года мурун

Массалык башаламандык уюштурууга шектелип Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова Бишкектеги жеке диагностикалык борборлордун бирине жеткирилди. Бул тууралуу Нарматованын адвокаты Гуляна Убалиева «Азаттык» медиасына билдирген.

Анын айтымында, Нарматова бүгүн эртең менен эси ооп кулап калган жана абалы туруктуу эмес. Ошол себептүү жүрөгү текшерүүдөн өтөт.

«Анын жүрөгүнүн согушу тездеп, энтигип жатат. Эртең менен эси ооп жыгылып калган. Анын гемоглабини да азайып кеткен», — деп билдирген адвокат.

Белгилей кетсек, 13-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 19 адам нааразычылык иретинде абакта ачкачылык жарыялаган. Ачкачылык жарыялагандардын ичинен экс-депутат Орозайым Нарматова менен активист Перизат Суранованын абалы кескин начарлап кеткени кабарланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты