Энергетика министрлиги Жапониянын “Muroo Systems Co” компаниясы менен чакан ГЭС куруу тууралуу макулдашты

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Энергетика министрлиги жапониялык “Muroo Systems Co” компаниясы менен Каракөлдө чакан ГЭСин куруу тууралуу макулдашты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраев менен “Muroo Systems Co” компаниясынын президенти Жонсинг Пан өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумга жана Каракөлдө чакын ГЭС куруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун Жол картасына кол коюшту.

Кол коюлган Жол картасынын алкагында чакан ГЭС куруу жөнүндө долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруу каралууда.

Ушул жылдын ноябрь айында министр Таалайбек Ибраев Жапонияга болгон иш сапарында “Muroo Systems Co” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, кичи ГЭСтерди куруу жана жалпысынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча презентация жасаган.

Жыйынтыгында 2022-жылдын декабрь айында «Muroosystems Corporation» компаниясынын өкүлдөрү өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын изилдөө үчүн Кыргызстанга келүүсү боюнча макулдук беришкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты