Роза Отунбаевага эл аралык сыйлык берилди
- 6 лет мурун
- Баяндар
Кыргызстандын экс президенти Роза Отунбаева эл аралык “Жалпы кызыкчылыктар”- “Search for Common Ground сыйлыгына татыктуу болду. Экс президентке ал сыйлыкка ар тармакка кошкон баа жеткис салымы жана тынчтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.
Сыйлыкка дүйнөнүн ар бурчунан өкүлдөр татыктуу болушту. Сыйлыкты тапшыруу аземи кечээ, 1-ноябрда, Нью-Йорк шаарында болуп өттү.
Эл аралык сыйлыкка Отунбаеваны “Жалпы кызыкчылыктар”— ” “Search for Common Ground” уюму көрсөткөң.
Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунан билдиришти.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!