Кыргызстанда орусиялык «Экономика жогорку мектеби» окуу жайынын филиалы ачылышы ыктымал

  • 2 года мурун

Кыргызстанда Орусиядагы «Экономика жогорку мектеби» улуттук изилдөө университетинин филиалы ачылышы ыктымал. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен аталган окуу жайдын ректору Никита Анисимовдун жолугушуусунда белгилүү болду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда билим берүү, академиялык жана илимий изилдөөлөр тармагындагы кызматташтык, экономика жана финансы тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу маселеси боюнча пикир алмашуу болгон.

Ошондой эле Кыргызстанда «Экономика жогорку мектебинин» филиалын ачуу келечеги дагы талкууланган.

«Экономика жогорку мектеби» улуттук изилдөө университети — Оруиядагы ири окуу жайлардын бири. 1992-жылы экономика жага ага багытташ тармактарда изилдөөнү жана билим берүүнү өнүктүрүү максатында негизделген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты