Токтор Бекбоев, куудул: «Көңүлүмө жаккан жубайга туш болдум»

Токтор Бекбоев, куудул: «Көңүлүмө жаккан жубайга туш болдум»

Белгилүү үй-бүлөлүк куудулдар Токтор Бекбоев менен Жаңыл Бекбоева тагдырдын оош-кыйышынан айрылыш жолго түшкөнү буга чейин эле ачыкка чыккан болчу. Жакында эле Токтор мырзанын үйлөнгөнүн угуп, кененирээк маалымат алуу үчүн сөзгө тарттык.

 —Токтор мырза, жакында эле сиздин үйлөнгөнүңүздү угуп калдык. Биринчи жубайыңыз менен бир аз келишпестиктер болуп атканын уккан элек…?
—Жубайым менен баш кошконубузга үч ай болуп калды. Биринчи жубайым Жаңыл менен бирге жашабаганыбызга беш жылдын жүзү болгон. Ушул убакыт аралыгында жалгыз бой жүрдүм. Жаңыл Орусияда болгондуктан быйыл келип, мыйзамдуу түрдө ажыраштык. Ошондон кийин гана кыздарым «ата, ушинтип жалгыз бой жүрө бермек белеңиз. Эртедир-кечтир үйлөнөсүз. Өзүңүзгө жаккан, сизди, бизди түшүнгөн жакшы бирөө болсо үйлөнүңүз. Биз турмушка чыгып кетсек кыйналып каласыз» деп айта башташты. Кыздарымдын макулдугу менен азыркы жубайымды таап, үйлөндүм.

Токтор Бекбоев, куудул: «Көңүлүмө жаккан жубайга туш болдум»—Кененирээк маалымат берсеңиз, жубайыңыз менен кантип тааныштыңыз эле?
—Чыгармачыл киши болгондон кийин той-топурда көп жүрөм. Бир тойго тамада болуп барып, ошол жерден таанышып калдым. Телефон номерин алып калган элем, эртеси күнү чайга чакырдым. Жолугушканда кененирээк таанышып, бири-бирибизди сынаштык. Экөөбүздүн өткөн жашообуз да, мүнөздөрүбүз да окшош экен. Айтор, жылдызыбыз келишти. Беш маал намаз окуган ыймандуу, түштүктүн кызы, менден үч жаш кичүү. Бир айча сүйлөшкөндөн кийин, балдарыбыз менен кеңешип, алардын макулдугун алгандан кийин  баш коштук.
Кесиби боюнча медик. Өзүнүн жашоосуна жеткидей чакан бизнеси бар. Бирок негизинен үйдө отурат. Эч нерсеге муктаж эмес. Балдарынын баарын жайгаштырган. Менин да үй-жайым бар. Бизге, эң негизгиси, ынтымак керек. Балдарыбыздын бактысын тилейбиз. Мындан ары ээрчишип бирге ынтымактуу өмүр сүрүү. Бизнес кылалы, 2-3 кабат үй салып жиберели деген ой жок. Кудайга шүгүр, көңүлүмө жаккан жакшы жубайга туш болдум.

—Эркек кишиге бойдок жүрүү кыйын эле болсо керек, Токтор Бекбоев, куудул: «Көңүлүмө жаккан жубайга туш болдум»буга чейин эле үйлөнүү тууралуу ойлор келди беле?
—Мыйзамдуу түрдө ажырашпагандан кийин, үйлөнүү тууралуу ойлончу эмесмин. Негизи мындан кийин үйлөнбөйм деп ойлочумун. Бирок жашоодо жакшылык, жамандык болот экен, жаныңда түгөй, жакаңды жууп бергенге жубай, чайыңды куюп берген, жаныңа эрмек болчу киши керек экен. Анүстүнө кыздарымдын көңүлүн кыйбай, жер карап калбасын деп эне ордуна эне, ата ордуна ата болуп тарбиялап келдим. Кудайга шүгүр, кыздарым да ыймандуу. Башыбыздан көп эле кыйынчылыктар өттү. Анын баарын сабырдуулук менен жеңдим.

—Балдарыңыздар бири-бири менен тил табышып алдыбы?
—Анын үч  баласы бар, экөө улуу, өз алдынча болуп калган, бирөө жашыраак. Менин бой жеткен эки кызым бар. Анын кыздары жок эле, менин кыздарым ага кыз болду, менин эркек балам жок эле, анын балдары мага бала болду дегендей. Баарыбыз эски тааныштардай эле камыр-жумур болуп, тил табышып кеттик. Турмушубузду андан ары бирге улап кетүү өзүбүздөн. Кудай буюрса ырымдап, өзүбүздүн Кочкорго алып барып, туугандар менен тааныштырып, бата алып келебиз. Анын төркүнүнө барып келебиз деген ниеттер бар.

—Кыздарыңыз апасы менен катташып турабы?
—Кыздарым апасы менен көп деле байланышпайт. Мыйзамдуу түрдө ажырашкандан кийин Жаңыл тууралуу көп деле айткым келбейт. Жаңыл өзү ушундай жашоону кааладыбы билбейм, тагдыр ушул экен. Эки кызымдын энеси, ага да меникиндей бакыт каалайм. Экөөбүз андан ары келише албай калдыкпы, демек, мындан ары ал да теңин таап бактылуу болушун каалайм.

Парахат Шукурова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты