Индияда дүйнөдөгү эң бийик эстелик орнотулду

Индияда дүйнөдөгү эң бийик эстелик орнотулду

Бийиктиги 182 метрге жеткен эстелик өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп, «Темир адам» атыккан саясатчы Сардар Валлабхаи Пателге (1875-1950) арналган. Ал Индиянын Гужарат штатындагы Вадодара шаарына жакын аймакка орнотулуп,  ага «Биримдик статуясы» деген ат берилди.

Жалпы узундугу 240 метрге жетип, Нью-Йорктогу «Эркиндик» эстелигинен 2 эсе бийик. Буга чейин эң бийик аталган Кытайдагы Будданын эстелигинен 29 метрге узун.

Аны курууга 420 миллион доллар сарпталып, курулуш иштери 5 жылда аяктады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты