Качып кеткен Шадиевдин иши сотко өттү

Качып кеткен Шадиевдин иши сотко өттүМурдагы вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин «Бир бол» фракциясынын өлкөдөн чыгып кеткен депутаты Аскарбек Шадиевдин иши тергелип бүтүп, сотко өткөнүн Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда экени кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча иш козгогон. Андан соң «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып тагылган.

Шадиевге алгачкы кылмыш иш козголор замат издөө жарыяланган. Ал иш козголордон аз күн мурда кичи мекени – Лейлекке барып, андан ары Тажикстандын Ходжент шаары аркылуу чет өлкөгө учуп кеткени белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты