КСДП Иса Өмүркуловго жооп берди

КСДП Иса Өмүркуловго жооп бердиКСДПнын катчылыгы партия катарынан чыгарылган депутат Иса Өмүркуловдун айткандары боюнча комментарий берди. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, КСДПнын саясий кеңешинин Иса Өмүркуловду партиянын катарынан чыгаруусу легитимдүү.

«Эгер Өмүркулов бир нерсеге нааразы болсо, сотко кайрылсын. Ал партиядан чыгып калганын факт катары кабыл алышы керек. Биз аны чакырганбыз, бирок ал белгисиз себептерден улам келген жок. Бул саясий кеңештин чакыруусун четке каккан биринчи учур эмес», — деди Жолдубаева.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бүгүн чукул маалымат жыйынын өткөрүп, “Мени партиядан чыгаруу чечими легитимсиз, мен КСДПнын мүчөсү бойдонмун, бул бир ууч топтун кылганы”, -деп айткан.

Кечээ кечинде Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечимин кабыл алганын, ал партиянын уставына, максатына каршы келген аракети үчүн катардан чыгарылганын жарыялаган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты