Студенттерге президенттик стипендия тапшырылды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 16-декабрда Бишкекте өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшыруу аземи өтүп жатат. Бул тууралуу прездиенттик администрациядан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров иш-чаранын жүрүшүндө өлкө жетекчилиги мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошом деген жигердүү жаштарды ар дайым колдоорун билдирди.

«Ыкчамдык менен өнүгүп жаткан дүйнө агымында жаңы технологияларды, инновацияларды кабыл алууда жана өздөштүрүүдө, алдыңкы долбоорлорду демилгелөөдө силердин ролуңар баа жеткис! Мындан улам мамлекет таланттуу студенттердин чыгармачылык потенциалын ачууга жана дүйнө жүзү боюнча талап кылынган инновациялык продукттарды жаратууга өбөлгө түзүү аракетинде,» — деди Садыр Жапаров.

Бул жылы президенттин стипендиясына өлкөнүн бардык университеттеринен 70 студент ээ болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты