Кыргызстан бизнеске ыңгайлуулук рейтингинде 7 сап алдыга жылды

Кыргызстан бизнеске ыңгайлуулук рейтингинде 7 сап алдыга жылдыКыргызстан Дүйнөлүк банктын бизнести жеңил жүргүзүү боюнча индексинде быйыл 190 өлкөнүн ичинен 70-орунга түштү. Бул 2017-18-жылдардагы көрсөткүч боюнча чыгарылган. Буга чейин өлкө Doing Business рейтингинде 77-орунда болчу.

Биздин өлкө бул рейтингде эң мыкты көрсөткүчкө 2010-жылы жетип, 41-орунду ээлеген. Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, 2017-18-жылдары Кыргызстандын 4 облусунда Doing Business рейтингинде баалана турчу реформа жасалган.

Быйылкы рейтингде Орусия 31, Өзбекстан 76, Тажикстан 126-орунга коюлган. Кошуна Казакстан бул рейтингде алгачкы жолу алдыңкы отуз мамлекеттин катарына кошулуп, 28-орунга коюлду. Бул былтыркыдан жети позиция алдыда.

Баяндаманын авторлору Казакстан үч багытта – ишкананы каттоо, эл аралык соода жана келишимдердин аткарылышын камсыз кылуу боюнча реформа жүргүзгөнүн белгилешти.

Дүйнөлүк банк жыл сайын бизнес ачуунун шарттары, курулушка уруксат алуу, насыя мүмкүнчүлүгү, инвесторлордун укугун коргоо, салык төлөө, келишимдерди сактоо жана банкротту жөнгө салуу боюнча жагдайды иликтеп турат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты