Баткен: курулуп жаткан үйлөрдүн бир бөлүгү жаңы жылга чейин пайдаланууга берилет

  • 2 года мурун

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдүн бир бөлүгү жаңы жылга чейин курулуп бүтүп, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Аксай айыл аймагына барып, калыбына келтирүү ишинин жүрүшүнөн кабар алды.

«Учурда жеринде калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп жатат. Көпчүлүк үйлөрдүн дубалдары тургузулуп, чатырлары жабылса, айрымдарынын ички жасалгалоо иштери жүрүүдө. Жаңы жылга чейин үйлөрдүн бир бөлүгү колдонууга берилип баштайт», — деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында.

Быйыл 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, «Озоди» өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган.

Куралдуу кагылышта Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй кайра оңдолууга тийиш.

“Озоди” жергиликтүү элге таянып, тажик тараптан турак жайлар, социалдык объектилер талкаланганын жазган. Маалыматты башка көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн боло элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты