УКМКнын дагы бир райондук бөлүмчөсү үчүн жаңы имарат курулду

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Талас облустук башкармалыгынын Талас райондук бөлүмү үчүн жаңы имарат курулду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Имараттын расмий ачылышы бүгүн, 15-декабрда өттү. Ич-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Нарбеков, Талас районунун башчысы Н. Нармырзаев жана улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты. 

Маалыматта жаңы курулган имарат кызматкерлердин иштөө шарттары үчүн талапка жооп берген жана керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалганы айтылат.

   

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты